Menu

Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-августта  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик визитинин алкагында Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Мамлекеттер башчылары эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң маани бере тургандыктарын жана эки бир тууган элдердин ар тараптуу байланыштарын мындан ары карай кеңейтүүгө умтулушаарын белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухаммедов сүйлөшүүлөр достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана конструктивизм маанайында өткөнүн баса белгилешти.

Эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги, регионалдык жана эл аралык күн тартибинде турган маселелер дыкат талкууланды. Анын ичинде суу-энергетикалык, транспорт, соода-экономикалык, саясий, айыл чарбасы, өнөр жайы, маданий-гуманитардык маселелер бар.

Кыргызстандын жана Түркмөнстандын Президенттери кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндөгү эки тараптын тең мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу тууралуу бир пикирге келишти.

Тараптар мындан ары карай да ар тараптуу достук жана бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов 2018-жылдын сентябрында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркмөнстандын делегациясы барат деп маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухаммедовду өзү үчүн ыңгайлуу учурда жооп иретинде визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: