Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда жетекчилик кызматтарга билими жана тажрыйбасы жоктор дайындалып, алар өзүнчө катмарга айланып калышкан.
Мындай пикирин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Өмүркуловдун айтымында, Атамбаев президент болуп турганда өлкөдө саясий куугунтукка жол берилген.
– Ошол куугунтук, албетте, коомго, айрыкча күч органдарынын ишине таасирин тийгизди, – деди ал. – «Кол тийгистер кастасы» пайда болду. Билими, диплому барбы же жокпу, жооптуу, чечүүчү кызматтарга дайындашчу. Жыйынтыгын көрдүк – ошол түркөй, тажрыйбасы жок жетекчилер эмнеге алып келишти, кандай «мурас» калтырып кетишти. Баарын бир күндө өзгөртө коюу өтө оор. Себеби ошондой күч органдары өзүнчө катмар болуп калышкан. Буга каршы жүргүзүлө турган иш өз натыйжасын кийин гана берет.
2018-жылы октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгарган.
КСДП муну Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылды деп түшүндүргөн.
Ал эми Өмүркуловдун соңку билдирүүсүнө Атамбаевдин катчылыгы жооп бере элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ