Menu

Видео – Кубаныч Кадыров, КСДПчы экс-депутат: “Атамбаевдин эки уулу энергетикада ортомчулук кылып ай сайын 3-4 млн сом жеп келатат, ТЭЦтеги көмүр коррупциясын жасашты”

Бөлүшүү:

“2010-жылдагы революцияда 87 бала каза болду, канчалаган апалар балдарынан айрылып, мүрзөлөрүн кучактап ыйлап калды, канча деген келиндерибиз күйөөлөрүнөн ажырады. 300-400 бала жетим калышты. Бул абдан чоң трагедия да. Ушундай революция болгондон кийин мамлекет түз жолго түшүш керек болчу. Бирок Атамбаев элге берген убадаларынын бирөөсүн да аткарган жок”, – деп билдирди бүгүн, 29-апрелде КСДПчы экс-депутат Кубаныч Кадыров Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине берген маегинде.
“Ошол эле Кумтөр же энергетика маселелери: Бакиев электрдин баасын 1,5 сомго көтөрдү деп революция болуп жатса Атамбаев электрдин баасын 380%ке көтөрүп, 2 cом 16 тыйынга көтөрүп коюп жатпайбы. Атамбаев криминал менен күрөшүүнү токтоттту. КТРКны айтпай эле коёлу, Бакиевдин убагынан ашып кетти. Атамбаев оппозиция кезинде “Коррупциянын анабашы Кумтөрдү Акаев менен Бакиев талкалады” деп жүрсө, өзү бийликке келгенде Кумтөрдүн анабашы өзү болду. Атамбаев Кумтөрдүн адвокаты болуп, Кумтөрдөгү коррупцияга каршы чыккан Саруулуктарга милициянын атайын отрядын алып барып, ур-токмокко алып, канча деген балдарды мыйзамсыз соттотуп жиберди. Айылынын үстүнөн вертолет учуруп коркутту… Атамбаев өзү коррупциянын атаманы болду. Акаев менен Бакиев үй-бүлөлүк башкарууга өттү деп жүргөн Атамбаевдин эки баласы “Автомашэнерго” менен шугулданганы бул факт. Эксперттер эбак эле эсептеп чыгышкан. Мунун баарын айтып чыккан эксперт Эрнест Карыбеков азыр камакта олтурат. Атамбаевдин балдары “Автомашэнерго” аркылуу биздин энергетикадан электрди 1,27 сомдон алып, Казакстанга 3 сомдон 5 сомго чейин сатты. Натыйжада Атамбаевдин балдары ай сайын 3 миллиондон 4 миллион сомго чейин жеп келген. Ал аз келгенсип ТЭЦке башын тыкты. ТЭЦке келген таш көмүрдүн баарынын башына олтуруп алды. Казактар өздөрү жазышпадыбы, биз көмүрдүн бир тоннасын 36 доллардан берип жатсак, силер өзүңөр 45 же 50 доллардан жазып жатасыңар деп. Мына, Атамбаевдин ошол эки баласы тең ТЭЦтеги коррупцияга олтуруп алганы бул факт. Атамбаев кыргыз мамлекетин ушундай бир талкалады дейсиз – бул бир чоң трагедия болуп калды. 2010-жылдагы революциянын максаттары жана идеялары ишкек ашкан жок. Атамбаев элди алдоо боюнча бир чоң мастер экен да. Мен жанында жүргөн киши катары айтсам, ал үч сөз айтса анын экөөсү калп болуп чыкчу. Саруулуктарды резина ок менен аттырып, бир нечесинин көзүн чыгара атканы чын. Генералдар түнүчүндө Саруулуктарга барып, алар митингге чыкпашы үчүн 500 миңден 700 миңге чейин доллар сунуш кылган фактылар болгон. Атамбаев Жети-Өгүздүктөр менен Саруулуктарды абдан жаман кылды да, аябай катуу басым жасады. Ушуларды коркутуп койсом эле бардык маселелер чечилет деп ойлоду”, – деди Кубаныч Кадыров.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: