Menu

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер: “Эгемендик алгандан бери ар бир бийлик билмексенге салып саясат жүргүзүп келчү”

Бөлүшүү:

Асия эже менен чакан маек курдук. Партиялашы Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын акыбалын сурадым. «Ата Мекен» партиясынын ишмердүүлүгүнө токтолдук.

– Асия эже, партия лидери Өмүрбек Текебаевге жолугуп атасызбы, акыбалы кантип атат?

– Ооба, Өмүрбек Чиркешович менен байма-бай жолугушуп жатам. Маанайы жакшы, духу күчтүү, кайратынан жанган жок. Анткен менен ден соолугу анча эмес. Ошого карабастан партиянын иштери тууралуу сүйлөшүп турабыз.

– Өмүрбек Чиркешовичтин соттук кароосу 21-августка жылды. Сиздер бул күнү соттордон кандай чечимди күтүп атасыздар?

– Ооба, сот 21-августа болот. Биз тараптан баардык далилдүү документтерди берип атабыз. Партиялаштарыбыз айткандай, бул күн акыркы чыдам. Ушул кезге чейин сот жактан бир да далилдүү фактыларды келтиришкен жок. Алар беш эле жагдайды карап, Текебаевди актап чечим чыгарып койсо болмок. Текебаевдин, Чотоновдун соттук ишин Кыргызстандагы элдин баары билип калды. Эмнегедир соттор тырышып атабы, же дагы эле президенттин аппаратынан чалуулар болуп атабы, же кайсы бир саясый күчтөр таасир берип атабы, биз үчүн түшүнүксүз болуп атат.

– Аида Салянова айымдын ден соолугу ойдогудай эмес окшойт…

– Аида Жеңишбековнага жолуга элекмин. Ал киши ооруп жатат. Мен билгенден жүрөк кемтиги (двойной порок сердца) дегени бар. Үчүнчү клапаны дагы начарлап баратыптыр. Жүрөктө төрт клапан болсо, анын үч клапаны начар иштесе, анда ал адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Өткөн ишемби күнү доктурдан убактылуу кармоочу жайга алып кетип калышыптыр. Ушундай ысыкта камеранын ичи кайнап атса керек, баарыбыз кооптонуп атабыз.

– Партиянын иши жүрүп атабы?

– «Ата Мекен» партиясы кадимкидей эле күжүлдөп иштеп атат. Сбой берген жок. Сыймыктануу менен төмөндөгүлөрдү айта кетпесем болбойт, парламентте ар бир көрсөткүч, анын ичинде эл менен жолугушуу, долбоорлор, мыйзам чыгаруу, региондордо иш алып баруу боюнча биринчи орунду алдык. Партиялаштардын баары аябай сыймыктанып атабыз. Анткен менен убакыттын басымдуу бөлүгү сотторго баруу, тынчтык митингине кетип атат. Себеби, биз соттон адилеттүүлүктү талап кылып, алардын туура эмес кылып аткан иштерин сынга алып атабыз. Президентке жана башка инстанцияларга каттарды жиберүү жагын токтоткон жокпуз.

– Каттарга жооп келип атабы?

– Биз жиберген каттарга ынанымдуу жооп ала албай келебиз. Жыйынтык жок болуп атат. Укпай, көрбөй жатат. Мурунку бийлик кандай саясат жүргүзсө бүгүнкү бийлик деле ошол саясатты улап аткансыйт. 1990-жылдардан баштап ар бир бийлик билмексенге салып саясат жүргүзүп келчү, анан аягы жаман бүтчү эле. Ошодой болуп кетпесин деген ой бар да…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: