2018-жылдын 25-июнь күнү саат 14:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт (айланма) унаа жолунун 6-чакырымында (Биримдик-Кут ж/к), мам. №01KG 051 H MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен мам. №S21 76 NE Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 1 адам мерт кетип, 3 адам жаракат алган (аты-жөнү такталууда). Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу барышып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ