Menu

Президент Жээнбековго Кайрылуу каты

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөбүздүн жоопкерчилигин мойнуңузга алып, калк үчүн кылып жаткан иш аракеттериңизге ийгилик каалайбыз. Сиздин “Күчтүү аймак – күчтүү өлкө” саясатыңызды чын дилибизден колдойбуз жана аймактарды көтөрүүгө багытталган иш аракеттер бул саясаттын аркасында жогорку деңгээлге жете турганына терең ишенебиз.

Себеби аймактар өспөй, өлкө өнүкпөйт. Мына ошондуктан айыл элин, турмушун жакшы түшүнгөн мамлекеттик ишмер катары, сизди 2017-жылдагы президенттих шайлоодо жалпы калың кыргыз эли менен катар биздин айылыбыз даты 68 пайыз менен колдоого алганбыз. Айылыбызда сизге болгон ишеним чоң.

Ошондуктан айылыбыздын канчалаган зкылдар бою көкөйүнө көк таштай тийген таза суу көйгөйүнүн чечилишин сизге үмүт кылуу менен бул катты жалпы айыл тургундарынын атынан жазып отурабыз.

609 түтүн же 2585 калк жашаган Учкун айылында таза суу маселеси канча жылдан бери чечилбей келет. Учкун айылы Нарын районундагы калкынын саны көп, чоң айылдардын бири болуп саналат.

Учкун айылынын таза суу системасы “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитария” долбооруна камтылган. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 6,1 млн. сомго реконструкциядан өткөрүлүп, 2005-жылы ишке берилген. Таза суу системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өткөрүлүп берилип, “Суу капчыгай” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси уюштурулган.

Ичүүчү суу айылдын түштүк тарабындагы 2,5 чакырым аралыктагы Кара-Булуң булагынан тартылып келинген. Суунун сапаты жаман болуп, айыл тургундарынын арасында бөйрөк жана тиш оорулары кескин өсүп жатат. Ошого карабастан айыл эли бул сууну ичүүгө аргасыз болууда. Жаш өткөн сайын булактын башы соолуп, айылга кеткен суунун көлөмү азайып, резервуарга суу топтолбой, таза суу тартыштыгы күч алууда.

2017-жылы октябрь айында айыл элинин жашоосуна кайдигер эмес уулубуз Абдылдаев Райымбек Жумагулович өзүнүн каражаты менен Учкун айылынын Кара-Булуң, Бууган -Тал жана Кыз-Мазар булактарын атайын лабороториялык текшерүүдөн өткөрүп берди. Жыйынтыгында Бууган-Тал, Кара-Булуң булактары ичүүгө жараксыз деп табылды. Ал эми айылдын түштүк тарабындагы 12 чакырым аралыктагы Кыз-Мазар булагынын суусу ичүүгө жарактуу экендиги аныкталды. Айылдын таза суу системасына ушу булактан тартып баруу жана системаны кайрадан оңдоодон өткөрүүгө каражат зарыл болууда. Буга чейин канчалаган кайрылуу иштерибиз ишке ашпай, айылдын эли кыйынчылык тартууда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, суу бардык нерсенин башаты деп айтылат эмеспи, ошол себептен кайрылуубузду кабыл кылып, айылыбыздын суу маселесин чечип берет деген терец ишенич менен иштерицизге албан-албан ийгнликтерди каалап, Учкун айылынын жалпы эли.

Бул кайрылууга жүздөн ашык адам кол койгон

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: