Бул тууралуу 4-ноябрда аталган комиссиянын мүчөсү Табылды Акеров билдирди.
Анын айтымында, комиссия бир айдан бери иштеп жатыптыр, эксперттерди, жактоочуларды, СИЗОдо камалгандарды, ошондой эле Кой-Ташта жапа чеккендерди сурашытырышкан экен.
“Комиссия ар кайсыл уюмдардан 11 кишиден турабыз, – деп түшүндүрөт Акеров. – Мени аталган комиссиянын мүчөсү катары чакырышып, Кой-Ташка барып, Атамбаевдин үйүн көрдүк, эл менен жолугуштук”.
Комиссиянын иши, ким тарабынан түзүлгөнү, курамында кимдер бар экенин жөнүндө кенен сураштыралы деп, Элдик комиссия деп аталган уюмдун секретариаты менен байланышсак, ишмердүүлүгү жөнүндө эч нерсе айтпай, ушул жумада бардыгын ачыкка чыгарышарын айтышты.
Булак: Vesti.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ