Menu

Айлакер Аалы Карашевдин амалы, балдызын сактап калуубу?

Бөлүшүү:

Белгилүү айлакер Аалы Карашев кайсы бийлик болбосун тилин таап, ырын ырдоо жагынан алдына киши салдырбайт. Аалы Карашев Бакиевдин камчысын чаап жүрүп, 2010-жылы Бакиев качып кеткен соң, саясат талаасынан сүрүлүп, элден чыгып калган эле. Бирок көп өтпөй ал учурдагы  КСДПнын катардагы юристи, АШАнын сүймөнчүгүнө айланган Карашевдин кара чечекей балдызы Индира Жолдубаева жездесин Илмиянов аркылуу кайра саясат майданына алып келгени эл арасында айтылып жүрөт. Алгач КСДПнын штабына кирип, кызмат кылып, кийин бул партиянын арты менен бир канча кызматтарды аркалап, акыры депутат болууга жетишти. Ал эми балдызы Индира Жолдубаева Атамбаевдин колдоосу менен прокуратурада бир күн да иштебегендигине карабастан Башкы Прокурор болуп дайындалган. Албетте Жолдубаева бул кызматты мыйзамдын үстөмдүгүнө таянуу менен эмес, Атамбаевдин үстөмдүгүн аткаруу менен алек болуп келгенин кантип танабыз.

Көрөгөч Маамыттын айтымында учурда айлакер Аалынын түн уйкусу бузулуп, оозуна келмеси келип турган чагы экен. Анын себеби карачечекей балдызы Индира Жолдубаеванын креслосу козголуп жатканы болуптур. Буга байланыштуу Аалы Карашев эски достору Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдор менен “барбаросс” планын түзүүгө далалат кылып жатканын эшиттик. Анын себеби Жээнбеков АШАнын көзгө басар кадрларынын баарын айдап, акыры буларга да кезек келиши мүмкүн экен. Баягы 2010-жылы 13-майда түштүктө реваншисттер, Ош обл администрациясын басып алып, ал учурдагы Губернатор Сооронбай Жээнбековду кууп чыкканы эсиңиздердедир. Дал ушул башаламандыктын башында ушулар турганы коомчулукка белгилүү эмеспи. Бул окуядан кийин Айтмамат Кадырбаев менен Сүйүн Өмүрзаков өлкөдөн качып кетишип, аларга издөө жарыяланган. Бул айлакерлер Атамбаевдин убагында анын ишенген кожосу Икрам Илмиянов аркылуу АШАнын көңүлүн таап, кайрадан жогору кызматтарды аркалап калганы тууралуу эл арасында күбүр-шыбыр кептер бар. Андыктан бул айлакерлер жебенин учу өздөрүнө такала элегинде Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны коргоп калууну көздөп жаткандары тууралуу маалыматтын чындыгы бардай. Эгерде булар Жолдубаеваны калкалап калышса, келечекте Жолдубаева буларды калкалап өтөөрү талашсыз. Ал үчүн Аалы Карашев Жогорку Кеңештеги кылмыш иши козголуп, бирок камакка алынбай ээн-эркин жүргөн бир топ депутаттарды Жолдубаеваны Жогорку Кеңештин жыйынында коргоп калууга ынандырып жатканы каңкууланууда. Себеби, “жаңы прокурор келсе силердин тагдырыңар кандай болоорун ойлонгула” дегенсип. Жээнбековдун чечкиндүүлүк таанытып АШАнын мыйзамсыз иштеген кадрларын тазалап жатканын көрүп туруп, бир кездери Жээнбековду кууп чыккан Айтмамат Кадырбаев менен Сүйүн Өмүрзаковдун жүрөктөрү оозуна келип турган чактары дейт. Ал гана эмес Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыртуу идеясын дал ушул Аалы Карашев ойлоп таап, Фарид Ниязовго кулак кагыш кылганы айтылат. Карашев “эгерде биз Асылбекти саясаттан сүрүп салбасак, ал бизди саясаттан таптакыр жок кылганы мындай турсун, мурдагы кылган кылмыштарыбызды козгоп ит кылат” деген имиш. Бир кездери бул үч эргул Мелис Мырзакматовду ата катары көрүп, анын “оту менен кирип, күлү менен чыгып” жүргөндөр, кийин Мелис Мырзакматовду сатып, аны аңга түшүргөнү эл арасында айтылып жүрөт. “Жашоо бумеранг” демекчи, эми өздөрү ошол аңга түшүп кетүү алдында турат.

Айрым маалыматтарда Аалы Карашев Айтмамат Кадырбаев жана Сүйүн Өмүрзаковдор менен кеңешип, өзү Атамбаев менен, Кадырбаевди Сапар Исаковдун колтугуна кирип турууну ал эми Өмүрзаковду Жээнбековдун жердеши катары анын көңүлүн таабууга аракет кыл деп алдыга карай план түзүшкөнү айтылууда. Үчөө үч фронтко ойноп, кайсы фрон үстөмдүк кылып бараатса, ошол фронтко бири-бирин тартып, ыктап кетебиз деген таризде. Мына бул жерде да булардын кубулма жүздөрү ачыкталып жатпайбы? Ким болбосун мындай кубулмалардан абай болбосо,мындайлар акыры аңга түртүп кете берет.

2010-жылдагы апрель революциясынан көп өтпөй 13-майда Үсөн Сыдыков, Сүйүн Өмүрзаков, Айтмамат Кадырбаев ж.б реваншисттер Ош жана Жалал-Абад обл администрацияларын басып алып, Губернатор Сооронбай Жээнбековду кабинетинен айдап чыкканы жалпыга маалым. Кийин бул эргулдарга кылмыш иши козголуп издөө жарыяланган. Бирок тилекке каршы булар кылмыш жообуна тартылбай эле, мамлекеттик жогорку кызматтардан орун алды. Айтмамат Кадырбаев Ош шаарына Мэр болуп дайындалса, Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин биринчи орун басары болууга жетишти.

Атамбаев тушунда бир топ жооптуу кызматтарды аркалап, кийин КСДПнын тизмеси менен депутат болуп келген Аалы Карашев кайсы бийлик болбосун тилин таап койнуна кирип кеткендин чебери десек жаңылбайбыз. Кайран кыргыз эли кечиримдүү экен, бир учурда «Бакиев үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп айкырган эргулдун сөзү эчен жолу ЖМКларга чыкса дагы, ошол 7-апрелде кан төгүлүп атканда борбордук штабды башкарып отурса да, саясый жагынан да, башка өңүтүнөн да айыптуу болгонуна карабай, Карашев бийликтин жогорку эшелонунан түшпөй, өзүн жогору көтөрүп, эрдемсип, «элиңди урганым жок» дегендей жүргөнү неси?

Кандай болгон күндө дагы Президент Сооронбай Жээнбеков кадр саясатында Атамбаевдин катаасын кайталабай, саткынга саткындай, ууруга уурудай мамиле кылып, өлкөнү коррупционерлерден тазалоого багыт алуусу керек.

Автор: Кубатаалы Калов

(ред.автордун грамматика жана стилистикасы сакталууда)

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: