Menu

Алматыда сот катары жасалма өкүмдөрдү чыгарып жүргөн аял кармалды

Бөлүшүү:

Алматыда өзүн сот катары тааныштырып, жалган өкүмдөрдү чыгарып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкө жарандарынын бири «Эл аралык «Адилет» арбитраждык сотунун» шериктештигин түзүп, сот катары административдик, кылмыш жана жарандык иштер боюнча чечимдерди чыгарып келген. Өкүмдөр мамлекеттик герб түшүрүлгөн расмий соттук бланктарга жазылган.

— Ал мындай мыйзамсыз соттук актылар менен жарандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, акча алып, тергөө изоляторлорундагы адамдарды эркиндикке чыгарууга аракет кылган, — деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

Мекемеден аталган шериктештик жоюлуп, жалган сотко каршы кылмыш иши козголгонун кошумчалашты. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: