Menu

Милийса элге гестаподой эле мамиле жасап калды, реформа болобу, Кашкар мырза?

Бөлүшүү:

Кудай сакта, азыркы милийса элге гестаподой эле мамиле жасаганы чындык, ай. Наргиза Раджапова деген келин аны Ош шаардык милиция бөлүмүндө зордукташып, боюнан түшкөнү боюнча айтып берди. Мыйзамды одоно бузуп, күнөөнү кыйноо жолу менен мойнуна алдырып, күйөөсү менен уулун садага чабышыптыр кызыл шапкечендер. Ушул жумада эле 20 жаштагы кызды Кара-Балтада милийса бөлүмүнүн ичинде бычактап өлтүрүп, төшүнө “Б+Н” деп жазып койгону дүйнөлүк чоң резонанс жаратып, Бириккен Улуттар Уюму дагы реакция кылганга үлгүрдү. Бирок, кебелбеген кыргыз бийлиги дагы деле унчукпай, жымжырт. Жаңы-эски министр Кашкар Жунушалиев билек түрүнүп, аял кишиге целлофан пакет кийгизип, чатына баклажка тыккандарды түрмөгө тыгып, формачандарды эл үчүн иштетпесе, формачандарга болгон ишеним өлүп баратат. Бул көрүнүш улана берсе, мындай милийсанын болгонунан болбогону артык деп чыккандар көп болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: