Чүй районундук жайыт комитетинин төрагасы Жумагазы Бекжанов соңку жылдары Токмоктогу КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларынын так талашуусунун аркасында жергиликтүү депутаттар арасында да ырк кеткенине токтолду. Ал чырга парламент депутаты Урматбек Самаевди күнөөлөдү.
“Тынай Жансеитов менен Тилек Жамангулов бир айылдын, бир уруунун балдары. Ич ара эле элдешип алмак. Ишти Жогорқу Кеңештин депутаты Урматбек Самаев козутуп жатат. Ал Токмоктогу мэрдин кызматына жана шаардык кеңештеги төрагалык орунга “Кыргызстан” партиясынан өкүлдөрдү коюу үчүн КСДПнын депутаттарын куугунтуктап, соттотуунун аракетин көрүп жатат. Тынай Жансеитовдун соттолушуна биринчи ирет ошол адам жана анын тегерегиндегилер кызыкдар”.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ