Menu

“Коопсуз шаардан” 457 млн сом айып пул түштү

Бөлүшүү:

Маалыматтарга караганда Бишкек шаары менен Чуй облусунун камера орнотулган жерлеринде жол кырсыгы менен жол эрежелерин бузган учурлардын азайганы маалымдалды.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору башталгандан тарта 19-ноябрга чейин жол эрежелерин бузган 809 миң 550 токтом жазылып, автоунаа ээлерине жөнөтүлгөн. Жогорудагы токтомдордун ичинен 379 миң 464 эреже бузуудан айып пул төлөнгөн. Тагыраагы, түшкөн акчанын көлөмү — 456 миллион 529 миң сом болгон. Борбор калаада төмөндөө 45,1 пайызды түзүп, каза тапкандар болгон эмес, жаракат алгандар азайган. Ал эми Чүй аймагында 50,0 пайыз азайып, бирөө көз жумса, жаракат алгандардын көрсөткүчү төмөндөгөн. Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке кирген. Бирок жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салуу 4-марттан тарта башталган.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: