Кечээтен баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү дагы тогуз кесилиште “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көзөмөл камералары иштей баштады. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Камералар иштей турган кесилиштер: Бөкөнбаев-Манас; Чүй – Манас; Чүй – Павлов; Жибек Жолу – Манас; Махатма Ганди – Боталиев; Ахунбаев – Байтик Баатыр; Жибек Жолу – Курманжан датка; Чүй – Абдрахманов; Байтик Баатыр – М.Горький.
“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырып жатат. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда.
Жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт.
“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта иштей баштады. Анын алкагында жол кырсыгы 44 пайызга азайганы айтылган.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ