Минтип айтканыбызга негиз бар. Ишенбесеңер, ошол “иттик ишти” парламенттик отурумда талкуулап жаткан учурга кайрылып көргүлө. Ал жерде Атаханов да, Сагинбаева да, Турсунбек Акун да, жасалма ысправке жазгыч профессор жана башкасы да тизилип отурушкан адвокаттык ролду ойноо үчүн. Бирок депутаттардын ачуу соболдоруна “урунттуу жоопторду” жалгыз Салянова берип турган. Беркилер мукактанып, тайсалдай түшкөндө Салянованын артиллериясы күпүлдөп , снаряддары менен тызылдатып атып, баары мыйзам боюнча, ошонун гана негизинде деп какшап, супер адвокат болуп, калгандарын “мыш” кылган “мен билем”, “мен жооп берем” деп….
Эмне үчүн? Балким мына ушул ролду келиштире аткарсаң, келерки хандык такты сеники деген болуш керек. Кийинчерээк АША бул ойду ырасмий да айтканы бар. Балакетиң түшкүрдүкү, тагдырдын тайкылыгын, анан эле Салянованын ити чөп жебей, өзү “куугунтукка” алынып… камалып….Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң болду да калды. Бүгүн болсо Салянова сүттөн акмын деп, кала берсе “уурунун” өлкөдөн чыгып кеткенин билбей калганмын деп жанын жеп жатпайбы. Түшүнсө болот, өзү камакта болсо, анан минтип бул таш башына тийсе…
Бирок ачуу чындыктан качып кутулуу дегеле мүмкүн эмес экендигин гана аңдабай, кечээки сөзүң бүгүн танып.. ит эле болуп жатат. Биринчи эле суракта кимдин ким экендиги, буйрутмачы кимдигин суратпай эле айтып берет ал… “Бомба” Салянованын колунда, өзү да “бомба”…
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ