Menu

Өткүрбек Жамшитов: “Алмазбек Атамбаевдин кылмышка шектүү экени жөнүндө кабарлама катардагы прокурор тарабынан берилген”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши ким тарабынан козголгонуна кызыкты.

“2019-жылга карата статистикада кызмат абалындагы адамдарга канча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат жүрөт. Экс-президентке кылмыш иши коголду деп жазыптырсыз. Кылмыш ишин кимиңиздер козгодуңуздар эле” – деп депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго суроо узатты.

“Экс-президенттин макамы алынгандан кийин Жазык-процесстик кодекстин талабына ылайык, башкы прокурор тарабынан кабарлама берүү каралган эмес. Ошондуктан, башкармалыктын катардагы эле прокурору тарабынан кылмышка шектүү экени жөнүндө кабарлама берилген” – деп жооп берди башкы прокурор.

Экс-президентке кылмыш ишин ким козгой тургандыгы тууралуу конституциялык мыйзамга кирбей калыптыр. А Жазык-процесстик кодексинин нормасында бар болушу керек. Же андай жокпу? ” – деп сурады депутат.

“Жазык-процесстик кодексинде жок. Ошондуктан, жөнөкө прокурор тарабынан эле кабарлама берилген” – деди башкы прокурор.

“Анткени, экс-президент жөнүндө өзүнчө мыйзам бар. Бул ошого туура келеби же келбейби? Балким, башкы прокурор кылмыш ишин козгойт деп сунуш киргизип коюшу керекпи? Алты жыл мамлекетти башкарса, жакшыбы же жаманбы саясатын жүргүзсө, анан катардагы кызматкер кылмыш ишин козгоп койгон туурабы деген ойду айтып жатам. Ойлонуп көрүшүбуз керек окшойт” – деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: