«Эгер Клооп сайты Матраимовдор темасы боюнча өзүнүн репортажын жасаса жакшы болмок. Анткени “Азаттыкка” көпчүлүк ишене бербейт экен. Мындай чоң тема үчүн менин репортажым аздык кылат.
Твиттердегилер “Исмаил-Ата” фондуна 200 миңди ким жана эмне үчүн которгону боюнча суроо бербегениме таарынып жатышат. Бул окурмандар катардагы эле суроо берүүлөр менен ал суроого жооп издөөнүн айрымасын билишпейт окшойт. Ал акчалар эмне максатта которулганына жооп тапканымда экинчи репортажымды жарыялайм. Мен силерге диванда олтуруп алып эле суроо бергенди билген сыңар өтүктүү сынчы эмесмин”.
Элнура Алканова
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ