Menu

Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылуу иши боюнча журналист Иван Сафронов кармалды

Бөлүшүү:

Москвада мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып «Коммерсант» жана «Ведомости» гезиттеринин мурдагы журналисти Иван Сафронов кармалды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өз булактарына таянып билдирди.

Сафронов акыркы эки айдан бери «Роскосмос» корпорациясынын башчысы Дмитрий Рогозиндин кеңешчиси кызматында иштеп жүргөн. Ал мамлекеттик корпорациянын жана анын курамына кирген ишканалардын ичиндеги маалыматтык саясатты жолго салуу менен алектенип, айрым атайын программаларды тескеп келген. «Роскосмос» Сафроновдун кармалышынын корпорация ишине тиешеси жок экенин билдирди.

Сафронов басылмаларда иштеп жүргөндө коргонуу өнөр-жай комплексинин, космос өнөр-жайынын ишмердүүлүгүн чагылдырып, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык темаларда макалаларды жазып келген.

The Bell басылмасы кабарлагандай, мамлекеттик жашыруун маалыматтарды же мыйзам менен корголгон башка сырларды жарыялагандыгы үчүн «Коммерсант» басма үйү да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Азырынча журналистке карата козголгон кылмыш иштеринин себептери айтыла элек. Бирок басылма аны май айында Египетке Су-35 учактарын жеткирүү тууралуу «Коммерсант» сайтына жарыяланган макаланын кайра өчүрүлүшүнө байланыштырууда. Ал макала чыккандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Египет орус учактарын сатып алса, санкциялар салынарын билдирген.

Макаланын авторлорунун бири Иван Сафронов май айында Валентина Матвиенконун Федерациялар Кеңешинен кетиши мүмкүндүгү тууралуу макалага байланыштуу иштен алынган. Экинчи автор Александра Жорджевич саясат бөлүмүндөгү башка кызматкерлер менен чогу Сафроновго тилектештик билдирип жумуштан кеткен. Журналисттер басылманын жетекчилери менен акционерлерин кызматкерлерге басым кылууга жана цензурага айыпташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: