Бүгүн, 2019-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндиянын (резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан) Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Микко Кивикоски менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Ч.Айдарбеков Финляндиянын Элчиси М.Кивикоскини парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы жана Финляндиянын Өкмөтүнүн жаңы курамынын бекитилиши менен куттуктады, ошондой эле 2019-жылдын 1-июлунан баштап Финляндиянын Европа Союзунда боло турган төрагалыгынын жүрүшүндө ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Финляндиянын Элчиси М.Кивикоски Кыргызстанды маанилүү иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. Маектин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу, көп тараптуу форматтардагы кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле пландалып жаткан эки тараптуу сапарлар жөнүндө пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ