Menu

Орусия Венесуэладагы аскерлерин чыгарарын билдирди

Бөлүшүү:

Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу Каракастагы Орусия элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк орусиялыктар план боюнча иш жүргүзгөнүн, 26-июнда алар “Ил-62” учагы менен Москвага кайтарын маалымдады. Каракастан канча киши келери так айтылган жок.

Буга чейин Reuters агенттиги Каракаска Орусия Коргоо министрлигинин учагы келгенин кабарлаган. Март айында ушул эле борт “Ан-124” учагы менен бирге Венесуэла борборунун аэропортуна конгон. Анда Орусиядан 100 аскер кызматкери келгени кабарланган.

Венесуэлага орусиялык аскер учактарынын келиши Вашингтон менен Москванын ортосунда дипломатиялык талаш жараткан. Акүй Кремлди Венесуэланын ички ишине кийлигишүүгө айыптаган. Орусия Каракаска курал-жарак сатуу келишимин тейлеген кызматкерлер гана келгенин билдирген.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: