Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти.
Окуя 2-июлда күндүз саат үч-төрттөрдө Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасындагы 19 млн рублдин 2 млн рублин тартып алып, өзүн бычактап, акырында атып кетишкени айтылууда.
Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин өкүлү Матмырза Болотбеков бул кол салуу аны карактоо максатында уюштурулганын айтты:
– Жеке ишкер катары соода менен алектенчү. Акчасын тонойбуз деп, артынан түшүп, атып кетишкен деп боолгоп турабыз. Өзү такыр криминалга аралашпаган, кой оозунан чөп албаган момун инсан эле.
Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган.
Каракчылар кылмыш болгон жерге айдап келген машинасын таштай качышкан. Ал машина номуру боюнча Түндүк Осетияда катталган.
Камчыбек Каримов 2012-жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келет. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды.
Кыргызстандын орус элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова иш көзөмөлгө алынып, Екатеринбургдагы консулдук иштеп жатканын билдирди.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=150&v=D-S5Njh3UMY&fbclid=IwAR3DI2rWRt_pKZY5NToUbSindUAV7nfDtdc4Csmb1jiddjxiuXrwW1kz1Fw
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ