Бүгүн, 5-июлда Улуттук госпиталда Нигериянын 34 жаштагы жараны, Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөнүү колледжинин директору Али Абубакар 2-июлдан бери эс-учуна келе албай жатып, каза болду.
2-июль күнү саат 16.00. чендерде Бишкектеги “Айчүрөк” (ЦУМ) соода борборунун эшигинин алдында Али Абубакар менен 22 жаштагы кыргыз жараны К.Э. жөөлөшө кетишип, андан чыр чыккан да кыргыз жараны чет өлкөлүктү сабаган.
Алган жаракатынан улам 34 жаштагы Али Абубакар эс-учун жоготуп, оор абалда Улуттук госпиталдын реанимациялык бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми аны сабап качып кеткен 22 жаштагы Чүй облусунун тургун К.Э. кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун билдирүүсүндө Али Абубакар менен аны сабаган кыргыз жараны К.Э. мурун бири-бири менен тааныш болгон эмес, жаңжал жөөлөшүп кетүүдөн гана чыккан.
Али Абубакардын артында үй бүлөсү, эки кызы калганы айтылуууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ