Menu

Талас районунда 7 МТС ачылды

Бөлүшүү:

Талас районунда бир эле маалда 7 машина трактордук станция ачылды. Техникалар райондогу Өнүктүрүү фондунун каражаттарына сатылып алынды.

Талас районунда 170 миллион сомдук Өнүктүрүү фонду бар. Анын каражаттары райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуучу долбоорлорду каражылоого жумшалат. Көк-Ой айыл өкмөтү фонд аркылуу МТЗ-92 үлгүсүндөгү экскаватор сатып алышкан. Аны иштетүү менен көп маселебизди чечип жатабыз деген Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Самарбек Узгенов буларга токтолду:
– Сатып алган техникабыз өзгөчө кырдаал маалында чоң ишке жарап жатат. Айылдагы арыктарды тазалап, таштанды чыгарууда, кум, шагылдарды ташып, көчөлөрдү тегиздегенде жыргап эле калдык. Кызмат акысын төлөп, ким керек болсо барып иштетет. Айылдын тазалыгын сактоодо да пайдасы чоң.
Айыл чарба техникаларын райондогу дагы 7 айыл өкмөтү сатып алган жана баары машина-трактордук станцияларды ачып, анын иштетүүдө. Бүгүнкү күндө жасап жаткан ишин башка айыл өкмөттөрүнө үлгү көрсөтүп, анын пайдасын айтып беришти. Мындай жакшы саамалыктар туурасында Талас районунун акими Бакыт Нуржанов:
– 7 айыл өкмөттө МТС ачылды. Жалпысынан 54 миллион сомго 40 даана техника сатып алынды. Эки-үч айыл өкмөттө кошумча технка алынып, башка айыл өкмөттөргө мунципалдык ишканалардын алып келе турчу пайдасын түшүндүрүп беребиз. Сервистер киреше киргизип, жумуш орундары түзүлсө дейбиз – деген иш-максаттарын ортого салды.
МТСтин кызмат көрсөтүүдөгү акысын айылдык кеңештер белгилеп беришет. Баасы жеке тараптардан кымбат болбойт. Тескерисинче 400 сомго чейин арзан. Техникалардын муниципалдык ишканалар алдында ачылышы убагында эгин жыйнаганга чон жардам болгонун жергиликтүү тургандар баса белгилешти.
Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты, Айыл чарба, агарардык саясат, аймактык өнүгүү комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров 90-жылдары айыл чарбасы Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 32 пайызын түзгөнүн, бүгүнкү күндө көрсөткүч 17 пайыздан ашпай жатканын айтып, өлкө экономикасын айыл-чарбасын өнүктүрүү менен гана көтөрүүгө мүмкүн экенин белгиледи. Депутат мырза өз сөзүндө:
– Мына ЕАЭСке мүчө болуп, айыл чарба продукцияларын коңшу өлкөлөрдөн базарына чыгарабыз деп турабыз. Ал үчүн айыл чарбага тармагына олуттуу мамиле жасап, асыл тукумдуулукка өзгөчө көңүл буруп, техниканы жакшыртышыбыз керек. МТС ачуу бүгүнкү күндүн талабы. Ушул аркылуу биз тармакты өнүктүрөбүз. Башталган жөрөлгө өлкө боюнча жайылып, башкаларга үлгү көрсөтөт деп ишенем, – деп билдирди.
Ал эми Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өндүрүшү министри Турдуназир Бекбоев:
– Ар бир айыл өкмөттө МТСтерди ачуу демилгесин парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы демилгелип, бул боюнча өкмөткө тапшырма берген токтомду парламент кабыл алган. Ошонун негизинде МТСтер ачылып жатат. Буга чейин Чүй, Нарында ачылган. Учурда 80 айыл өкмөттөн арыз түштү, – деп бүгүнкү күндөгү айыл чарба багытындагы аткарылып жаткан иштер, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошоорун белгиледи.
Белгилей кетсек, аймагынан кен чыккан айыл өкмөттөрдүн эсебине бүгүнкү күндө акча каражаттары түшүп жатат. Буга чейин ал каражаттар эч кайда иштетилчү эмес. Эми парламенттин тапшырмасы, өкмөттүн токтому менен ал каражаттарды айыл өкмөттөрдүн пайдалануусуна шарт түзүлүп МТСтер ачылууда.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: