9-июлда «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү эки томдуу романынын бет ачары болду. Китеп залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантынын негизинде жазылган. Романды ЖК депутаты Азизбек Турсунбаевдин кеңешчиси Төлөнбай Жолдошов жазган. Биринчи томдо Манастын төрөлүшүнөн тартып, эр жетип, Ала-Тоону баскынчылардан бошоткону, кыргыз элин кайрадан туулуп-өскөн жерине алып келгени баяндалат. Экинчи томдо Алооке кандын Манаска багынганынан баштап, баатырдын Каныкейге үйлөнгөнү камтылган. Буга чейин Кыргыз билим берүү академиясы романды орто мектептердин окуучулары, мугалимдерине «Манас» эпосун окууда кошумча материал катары колдонсо болот деген тыянакка келген. Автор романдын биринчи китебинин негизинде сценарий жазып, кинотасма тартууга даярдыктар көрүлүп жатканын да билдирди.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ