Menu

Бакиевдин иниси шотландиялык офшор аркылуу бизнес кылат

Бөлүшүү:

Беларус өкмөтүнүн ири агрардык долбоорунда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиевдин да үлүшү бар экенин naviny.by сайты 18-июлда жазып чыкты.

Салиев ага шотландиялык офшор фирма аркылуу ээлик кылары макалада айтылган.

Британиялык реестрдин маалыматына караганда, 31 жаштагы Асылбек Салиевдин шотландиялык “Altastar LP” жана “Maxforse LP” деген эки компаниядагы үлүшү 75% ашат.

Ошол эле маалда “Беларус улуттук биотехникалык корпорациясынын” бул компаниялардын биринде 11%, экинчисинде 11,5% үлүшү бар. Жалпысынан Салиев шотландиялык офшор аркылуу корпорациянын 22,5% көзөмөлдөйт. Беларус өкмөтү корпорациянын 25% ээлик кылат.

Былтыр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” жабык акционердик коомун Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий деген киши жетектей турганы маалымат каражаттарында жарыяланган.

Асылбек Салиев Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин уулу.

2010-жылы апрель окуясынын натыйжасында бийликтен кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен эмгиче майнап чыга элек. Апрель окуясы боюнча соттун жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, Жаныш Бакиев өмүр бою, экс-президенттин тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал учурда Лондондо жашап жатканы белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: