Кытайлардын Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзгөн “Jhong ji Mining” компаниясы уулуу заттарды колдонуп жардыруу иштерин жүргүзүп жатканынын кесепетинен аба, суу, жер кыртышы ууланып, мал кырылып жатканы боюнча видео материалдар интернет булактарында жарыяланды. Кен казылып жаткан Солтон-Сары жайлоосундагы кырылып жаткан малдын дартын аныктоодо өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Бул жагдай малдар ууланып өлүп жатканын билдирет. Бирок Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшердик, баары таза чыкты деген маалымат таратты. Эл мындай жөө жомокко ишенбей турушканын айтышып, мамлекеттик мекеме жалган маалымат менен элдин башын айландырып, Кытай компаниясын коргоп жатышат деп шектенишип, кенди жабууну талап кылышууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ