Бүгүн, 24-июлда Канттагы россиялык авиабазадан учуп чыккан Алмаз Атамбаев Москванын Внуково аэропортуна конуп, эми Кремлди көздөй баратканын анын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева жарыялады.
«Урматтуу достор! Биз аман-эсен жетип алдык. Биздин учагыбыз Внуково аэропортуна келип конду.
Экс-президент Алмаз Атамбаевди жана делегацияны Федералдык кайтаруу кызматы коштоп баратат.
Биздин кортеж Кремлди көздөй багыт алды», — деп жазат Кундуз Жолдубаева.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ