Саясий карьерасына чекит коюлуп, криткке кеткен Феликс Кулов акча чыккан жердин обонун созгонду адатка айландырды. Кыязы, жан сактоонун методу катары ушул ыкмага өттү окшойт. Мына соңку күндөрү Нариман Түлеевдердин үй мүлктөрүн конфискациялоо маселесинин тегерегиндеги талаш-тартышта сотторду күнөөлөп, адилетсиздик мамиле болуп жатат дегенди айтып, айкырып чыкты.
Куловдун оюнча, мындай нерсени кылуу туура эмес, соттор жаман жорукту баштап терс прецедент жаратып жатышыптыр. Буга жол бербеш керек экен. Анткени бул ишке көз жумду кылсак, эртең кылмыш иштерине тиешеси жок кишилердин мүлктөрүн рейдерлик жол менен басып алууга шарт түзүлүп калат экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ