Menu

Ой илик: Раимдей байлардын баарынын эле жарыгы элге тие бербейт

Бөлүшүү:

Жарым жылга чукул текшерүүдөн кийин Матраимовдун жана жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 млн 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн финполиция жарыялады. Ошондой эле ага тийиштүү чет мамлекеттеги мүлктөр дагы иликтенип жатканын айтышты. Финполициянын бул жыйынтыгы Матраимовдорго маселе бар экенин ачыктадыбы?

Алмазбек Акматалиев, профессор: “Текшерүүгө макул болуп, дароо эле мындай чоң сумманы төгүп бериш жакшы жышаан”

-Менин түшүнгөнүмө караганда бул налогдор түздөн-түз Раим Матраимов өзү уюштуруучу болгон фирмалар эмес. Негизи эле Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешеси бар деген фирмалар текшерүүгө дуушар болду окшойт. Эми, текшерүүдө ар кандай каталар, жашыруулар, төп келбестиктер кезигиши мүмкүн. 24 млн сом налог төлөнбөй калыптыр деген тыянак чыгарды финпол! Фирмалар макул болуп, ошол 24 млн сом салыкты төлөп коюушту. Маселе ушул жерде! Салык төлөөдөгү текшерүүнүн максаты да, маңызы да бул салык туура жана толук көлөмдө төлөндүбү же жокпу дегенди аныктоо. Текшерүүгө макул болуп, дароо эле мындай чоң сумманы төгүп бериш жакшы жышаан. Демек, текшерүү өз максатына жетти, бюджет 24 млн сомго толду! Эми, бул сумма кайдан чыкты, бул салык саноодогу катабы же атайын жашырылган суммабы, бул башка кеп! Финпол өз ишин бүтүрдү, катылган же төлөнбөй калган салык төлөндү. Салык төлөп, жумуш, орундарын түзүп жүргөн фирмаларды укук коргоо органдары жаппаш керек, аларды басмырлабаш керек, аларга тескерисинче шарт түзүп бериш керек мамлекет. Алардын бир эле милдети бар: салыкты убагында, жашырбай толук, мыйзамга ылайык төгүп туруу. Мындай экономикалык, финансылык, салык маселесин ашыкча саясатташтыруу абдан туура эмес! Бул фирмаларга да чоң сабак болду көрүнөт. Фирмалар да иштеп, салыктар да төлөнүп турушу мамлекеттин максаты болушу керек!

Орозбек Молдалиев, саясий серепчи: “Маселе Матраимовдордо эле эмес, текшерүүчүлөрдө да болушу мүмкүн”

Раим Матраимовдун анын туугандарына, катталган мүлктөрдү текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бирок, текшерүүгө жарым жылдан ашык убакыт коротулгандын өзү көңүлдү бурган маселелерден экенин айткым келет. Маселе Матраимовдордо эле эмес, текшерүүчүлөрдө да болушу мүмкүн. Бул фирмалар неге убагында салык төлөшкөн эмес? Муну да ачык айтпай жатышат. Бул жерде коррупциялык алакалар бар болгон үчүн иш илең-салаң жүрүмүш этип жаткандай сезилет. Баарынан кызыгы, биздеги олигархтардын энелери да заматта бай болуп чыга келет. Ар кайсы шаарларга там салып, бак-дарак өстүрүшүп.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Раим миллиондой байлардын баарынын эле жарыгы элге тийе бербейт”

-Фин полиция Матраимовдордун айрым фирмалары салык төлөбөгөнүн аныктаган маалымат таратты. Эми алар сотко бериши керек. Сот бүдөмүк болуп калбаш үчүн ачык өтүшү керек. Сотто далилдер Өмүрбек Текебаев же Садыр Жапаровдукундай бүдөмүк болуп калбашы керек. Анткени, сот бүдөмүк жыйынтык чыгарса, Матраимовдор саясий куугунтук болуп жатат деп чыгышат. Текебаев менен Салянованын байлыктары чет мамлекетте экен деген жалган маалыматтай болбой сот бардык далилдерди эске алышы керек.

Чынында Кыргызстанда Раим Миллионго окшогон миллионерлер жүздөп саналат. Өкүнүчтүүсү, баарынын эле элине жарыгы тийе бербейт. Алар тапкан каражаттарын балдарына сарпташат. Сабырбек Жумабековдун айтканына таянсак, Раимбек Матраимов үч жылдан бери шарты оор, операция жасатууга мүмкүнчүлүгү жокторго жардам берип жатыптыр. Ошондой эле жер-жерлерде спорт залдарды, жол, мектеп куруп жатканын айтышат. Жогоруда айткан сотто Раимбек Матраимовдун ушундай эрдиктери да эске алынын керек деп ойлойм.

Марат Казакпаев, саясий серепчи: “Финполиция кылмыштын фактысын тапкан жок”

Раимбек жана анын мүлкү боюнча финполиция узакка созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Матраимовдор аркылуу сыртка чыгып кетти деп элди уу-дуу кылган факт боюнча маалымат такталбай калды. Эми бул иш боюнча башка укук коргоо органдары иштейби же маани бербей коёбу маселе ошондо. Анткени, финполиция кылмыштын фактысын тапкан жок. Негизи ал акча которуптур, бул акча чогултуптур деп эле чурулдап жатышат. Чынында бизнесмендер акча которгондо же чогултканда убактысынын аздыгынан курьер жалдашат. Курьерлер акчаны чогултуп, алып бар деген жерине алып барып беришет.

Артур Медетбеков, генерал: “Матраимовдор боюнча иликтөө жүрө бере турган болсо, финполиция жыйынтык чыгарбай текшерип жатабыз деп жүрө беришмек’’

-Финполиция узак текшерүүдөн кийин өз жыйынтыгын чыгарды. Менимче, 24 миллион сом башы гана болушу мүмкүн. Анткени, дагы аларга тиешелүү офистер, мүлктөр бар экени айтылып жатат. Финполиция териштирип, тыкыр иликтесе дагы бир нече жагдайлар ачылып, кошумча салыктар чыгып калышы мүмкүн. Эгер башкалар чочулагандай Матраимовдор боюнча иликтөө иштери туура эмес нукта кете турган болсо, анда финполиция мындай жыйынтык чыгарбай туруп, текшерип жатабыз деп убакытты созуп жүрө беришмек. Демек, финполициянын жыйынтыгына караганда жылыш бар. Мындан аркы териштирүү, иликтөө иштеринин жыйынтыгы кандай нукта, кандай багытта болоорун убакыт көрсөтөт.

Марс Сариев, саясий эксперт: “Атамбаев Жээнбековду санаалаштарынан ажыратуу үчүн саясат кылып Матраимовдор маселесин көтөрдү”

-Матраимовдордун элдин көңүлүн бурган маселеси боюнча финполиция өз жыйнтыгын чыгарып, салык төлөбөгөнүн ачыкка чыгарды. Менин тегерек үстөлдө айтканым туура чыкты. Айтайын дегеним, Матраимовдор маселеси чо саясат үчүн эле көтөрүлдү. Анткени, Кара-Суу району президенттик, парламенттик шайлоодо маселе чече турган калкынын саны көп, чоң райондордон. Матраимовдордун кланы эбактан бери эле бизнес кылган, капчыгы калың, элин колуна алып койгон таасирдүү кландардан. Шайлоо жакындап калганына байланыштуу Атамбаев Жээнбековду санаалаштарынан ажыратыш үчүн ушул маселени көтөрдү. Бирок, элди уу-дуу кылган “Азаттык” жарыялаган иликтөөдө көрсөтүлгөн каражат далилденбей жатат. Тескерисинче, Элнура Алканованын иликтөөсүндө жасалма кол коюлар чыкты. Матраимовдор боюнча айрым маалыматтар ачыкталды. Өзбекстандык, Кытайлык 1000 деген майда бизнесмендерге коридор ачып берип, өз үлүшүн алып жүргөнү байкалды. Эгер азыркы коррупция менен күрөш чындап күчүнө кирсе, анда көмүр ташыган чөө олигархтарды да көз жаздымда калтырбай текшериш керек.

Надира Нарматова, экс-депутат: “Атамбаев ыгы жок асылып жатып,  Матраимовдордун   үлгүлүү иштерин элге жарыялоого шарт түздү”

-Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асыла берип, бийлик калкалап аткандай таасир калтыргандай сөздөрү менен соопчулук иштер менен алек болуп жүргөн Матраимовдорго жаңы өң, жаңы түс берип, чоң саясатка аралашышына жол ачып берди. Атамбаев өз жоопкерчилигин Раимбек Матраимовго оодара салам деген аракети менен аны Кыргызстанга таанымал кылып койду. Бул жагынан кара пиар кылам деп үлгүлүү иштерин элге жарыялап берген Атамбаевге рахмат. Башкача айтканда, Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асылам, жаман көрсөтөм деп атып, тескерисинче Матраимовдордун мактоого татыган үлгүлүү иштерин жалпы журт биле турган мүмкүнчүлүк түзүп берди. Матраимовдор финполиция тапкан салыкты ошол замат төктү. Ага карабай айрымдар аны каралоо максатында бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жоопко тартылышы керек деп жатышат. Чынында Матраимовдордой байлар Кыргызстанда толтура. Финполиция жок дегенде 200 байдын тизмесин тизмелеп, текшерсе жүздөгөн жеке менчик ишканалардан жашырылган салыктарды аныктап төлөөгө мажбур кылса калыстык болмок. Саясат кылып буларга гана таандык фирмаларды текшерип жатышат. Чынында мамлекеттин ичинде жеке менчик ишканаларды, акционердик компанияларды иштетип жүргөн, миллионер, бай атка конгон жалгыз эле Матраимовдор эмес да. Калыстык үчүн айтсам, Матраимовдор төккөн же финполиция аныктаган 24 млн 275 миң сом салык мамлекеттик ишкананын же мамлекеттик казынага кол салган, уурулуктан тапкан каражат эмес да. Ошондуктан мамлекеттик ууру деп, Матраимовдорду кечке эле каралап, бөчөкө көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: