Бишкек мэриясына караштуу Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаковдун “акча жасамай” өнөрү ачыктала баштады окшобойбу. Аталган ишкана ушул айдын баш жагында автобустар базасындагы турган 20 бузук автобус оңдолуп, ишке берилди деген кабар тараткан. Көрсө, бул маалымат жалган чыкты окшойт. Ал ишканада иштеген айдоочулардын бири бул маселени маалымат каражаттарына билдирип, көмүскөдөгү “көз таңмай” оюндарын ачыктаган. Алардын айтымында, мэриядан каралган акчага ишкана жетекчилиги бузулуп турган автобустарды оңдобостон, жүрүп турган автобустарды “оңдошкон” экен. Ошондой эле ал жүрүп турган автобустарды мындан 3 ай мурун эле токтотуп койгон. Мына сага акча жасамайдын дагы бир ыкмасы. Маалыматтарда автобустарды оңдоого 350 миң сом каралган экен.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ