Москвада өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Алишер Абдрахманов журналисттерге өзү тастыктады.
Анын айтымында, уулу Азиздин шектелип жаткан алдамчылык фактыларына байланышы бар экендиги тастыкталса, анда ал кийлигишпейт – мыйзам баарына бирдей.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Азиз Орозбаев мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ