Menu

Солтон-Сарыдагы чырдан кендин 20 кызматкери жабыркады

Бөлүшүү:

Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алар ооруканага 6-августта саат 04:30да түшкөн.

Кендин кызматкерлери башынан жараат алып, мээси чайкалган. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалап жатышат.

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан.

«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 5-августта 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири-бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салган. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу машинелеринин терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы барган.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылып жатат. 4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн бир күн мурда болгон чатак үчүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айткан.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: