Menu

Сапар Исаков «Мекен Шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары», «Апрель Байрагы», «Айкөл Таза Коом», «Патриот» бирикмелери менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-апрелде, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондор, жабыр тарткандар жана катышкандардын туугандарынын жана жакындарынын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолукту. Алардын катарында: «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары», «Апрель.Элим.Кыргызстан», «Апрель Байрагы», «Айкөл Таза Коом», «Патриот», «Эл Сакчы» бирикмелери бар.

Өз сөзүндө Премьер-министр өлкө апрель окуяларында жарандарын жоготуп, чоң күйүттү башынан өткөргөндүгүн белгиледи.

«Бул мекендештерибиз жөн эле каза болушкан жок. Алар өз республикасынын келечеги, адилеттүүлүк үчүн жанын беришти. Ушуну барыбыз эстен чыгарбашыбыз керек. Элдер таза жана гүлдөп өңүккөн өлкө үчүн күрөшүшкөн. Ушул окуялардан кийин бийлик биздин элдин ар бир пикирине көңүл буруп калды. Анткени, эң чоң байлык бул – адилеттүү чечимдерге багытталган элдин пикири», – деди ал.

Катышуучулар Өкмөт башчыга суроолорун узатышып, жана курман болгондордун, жабыр тарткандардын үй бүлөлөрүнө социалдык-экономикалык жактан жардам берүү боюнча сунуштарын беришти. Өкмөт башчы ар бирин угуп, суроолоруна жооп берип, жана ага ылайык тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Сапар Исаков айрым катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: