– Мавлян мырза, сизге байланыштуу жүрүп жаткан соттук процесс кандай нукта уланууда?
– Бүгүнкү күндө сотто фемида өкүлдөрү менен прокурорлор биригип алып, айыпталуучуну баса калып, мыйзам, калыстык, акыйкаттык эмес, буюртма түрүндө акча үчүн соттоп жатышат. Мага негизсиз иш козгоп, менин оюмча кечээки бийликтин буюртмасы менен мыйзамсыз соттошууда. Прокурор чакырган күбөлөрдү эки айга жакын сурашса, Дача-СУ тургундары, жабыркагандар келип, “көрсөтмө берели” десе уруксат бербей коюшту.
– Сооронбай Жээнбеков жакында мыйзамсыз иш жүргүзүшкөн абийирсиз сот, прокурорлор боюнча ачууланган билдирүү таратпадыбы. Президенттин мындай пикиринен кийин сизге карай балким адилеттүү чечим чыгарын күтсөк болобу?
– Жаңы президент элдин муңун, мүдөөсүн, талабын айтты. Коррупция менен күрөшө турган укук коргоо органдары, сот, прокурорлор биригип алышып, коррупциянын анабашына айланып, элди тоногонго өтүшкөнүн айтты. Тилекке каршы, булар эски нук, буйрук менен иштеп жатышат. Президент азырынча катуу эскертүү берди. Эгерде хан катары анын айтканынан эч өзгөрүү болбосо, анда Сооронбай Жээнбеков эл менен биргеликте бул ууру, коррупционерлерге ачык согуш баштоосу керек. Карапайым эл жана биз президентти колдойбуз.
Канжар БОРПОШОВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ