-Милиция акыркы убактарда митингге чыккандардын колу-бутун толгоп, оппозициялык маанайдагы жарандарды ачык эле кысымга алууда. Мындай кысым Турганбаев министр болуп келгенден кийин күч алды. Бийлик 2005-2010-жылдардагыдай тополоңдор болуп кетпесин деп чочулап жатат. Анткени азыр да эл ичинде социалдык-экономикалык чыңалуу бар. Бийликте авторитардык режим жайылып баратат. Андан тышкары “Коопсуз шаар” долбоорунда Турганбаевдин кызыкчылыгы бар экени ачыктан ачык эле көрүнүп турат. Кытай, Орус утуп калган ишканалар мыйзамсыз чыгарылып, Министр Молдова ишканасын түртүп жатат. Анан дагы Анапияивди өлтүргөнгө Министрдин тиешеси бар экени көп макалалар чыкты, аны жокко чыгарган эч ким жок. Көптөгөн журналистерге кол салуулар болду: Мамотокторов, Дарья Подольская, Турат Акимов. Бирок жыйынтык чыга элек. Көптөгөн өлтүрүүлөр болду Камила Душебаева, Руслан Абасов… Иликтөөнүн жыйынтыгы белгисиз. Турганбаевди кетирүү, керек болсо жоопко тартуу убактысы мурун эле келген. Антишкен жок, анткени Мелис байке бул азыркы бийликтин анык жүзү!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ