Гонконг Кытайга таандык жана Пекин өлкө эгемендүүлүгүнө зыян келтире турган кандай гана аракет болбосун чечкиндүү түрдө жооп берет. Бул тууралуу бүгүн Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү билдирди.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин билдирүүсү боюнча берилген суроого жооп берген кытай дипломаты америкалык саясатчылар Гонконгдун жикчилдери менен байланышын тез арада токтотушу керектигин билдирди.
Кытайдын атайын административдик району эсептелген Гонконг 1997-жылга чейин Британия колониясы болгон. Учурда ал дүйнөдөгү эң алдыңкы каржы борборлорунун бири болуп саналат. Акыркы кездери Гонконгдо Пекиндин күчөп жаткан таасирине каршы массалык нааразылык акциялар өтүп жатат. Мындай аракеттери менен жергиликтүү калк шаар бийлигин мыйзам бузгандарды Кытайга өткөрүп берүү сунушталган мыйзамды чакыртып алууга мажбур кылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ