Menu

Шаикова Шадиевдин жолун жолдодубу?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик каттоо кызматының мурунку башчысы Алина Шаикованын ишинде мандем бар экендигин анын жүрүм-турумун жакшы билгендер бул кызматка дайындалганда эле эскертишкен болчу. Анткени ал айым экс-президенттин амири менен аталган кызматты кыска аралыкта жетектеп, жомоктогудай байып кеткен. Бирок коомчулукта ызы-чуу чыкканда ал хансарайларынын баардыгын ата-энеси, туугандарына тиешелүү деп документ тууралап, суудан кургак чыгып кутулган.

Анан жаңы бийлик деле Кыргызстанда кадр куруп калгансып, майлуу-сүттүү деп эсептелген Мамлекеттик каттоо кызматына Алина айымды жетекчи кылып дайындап жатпайбы. Бирок “кыныккан адам тыныкпайт” демекчи, паспорт бланкасы жана башка документтерди даярдоодо коррупцияга жол бергендиги үчүн УКМКнын кылтагына илинип калган.

Шектүү иши ашкереленген соң ошол замат камап салбай, УКМК деле камайлы деп барып, Алина айымды үйүнөн же башка жеринен таппай, жер сыйпалап отуруп калды. Ошондуктан ага карата издөө жарыяланды. Аталган комитет Мамлекеттик каттоо кызматы, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, КР Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөдө.

Бул кылмыш иштин фигуранттарынын бири болгон МКК мурунку башчысы А.Шаикова суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес.

Жик-жини билинбей калгандыгына караганда, Алина айым айтылуу Шадиевдин жолун жолдоп, Лейлек аркылуу сууну кечип, океандын аркы жагына “сүзүп” өтүп кетсек керек деген гана ой жаралууда.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: