Кечээ, 7-август күнү болжол менен саат 20:42 чамасында Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан резиденциянын аймагында А.Ш. Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандыкты уюштуруп, Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлерине жана милиция кызматкерлерине карата куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.
Жыйынтыгында, 2 ыкчам атайын багыттагы жоокердин октон жаракат алышып, бирөөсү ооруканага жеткенде эсине келбей алган жаракатынан улам каза болгон. Экинчиси оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Андан сырткары, бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Өлтүрүү) менен 39-130-беренесинде (Өлтүрүү үчүн кол салуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталды.
Сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Белгилеп кетүү керек, укук коргоо органдары тарабынан жарандарга карата ок атуучу курал колдонулган эмес. Ок атуучу курал А. Атамбаевдин үйү тарабынан колдонулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ