“Мен айтат элем, негизинен, бизде революциялар аяктады. Биз азыр түз жолго түштүк. Жана революцияны каалагандар, ал башка адамдар. Мен ойлойм, алар азыр шайлоодон кийин автоматтык түрдө мындайча айтканда тарыхтын таштандысына ыргытылат. Мен ошого үмүт кылам”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Сиз эмнени эске алып жатканыңызга жараша. Мен амнистияга каршы эмесмин, бирок ошол эле Жаныш Бакиевге, мен тескерисинче ойлойм… Бизде МОССАД [Израиль коопсуздук кызматы] сыяктуу чалгын кызматы жоктугу өкүндүрөт. Аны таап туруп, үлгү кылып жазалоо керек. Себеби бул жерден эле канча адам өлтүрдү? 7-апрелге чейин кыйнады, Аппараттын жетекчисине чейин. Албетте, Курманбек Бакиев да канча өлгөнүн билген. А канча акчадан айрылдык! Жүздөгөн миллион долларлар ушул үй-бүлөө аркылуу уурдалды”, – деп ызырынды А. Атамбаев журналисттин 2005-2010-жылдардагы революцияга катышкандардын амнистиясы тууралуу суроосуна коментарий берип жатып.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ