Россиянын Оренбург облусундагы орус-казак чек арасында кыргызстандык мигранттар кайрадан чогулууда. Бул тууралуу окурмандар билдиришти. Алар Казакстандан транзиттик коридор ачууну күтүп жатышат.
“12 күн мурун 30 адам келген, андан кийин дагы 40 адам 8 күн мурун келген. Азыр Оренбургда 70 кыргызстандык бар. Биз сиздерден жардам сурайбыз, бул маселени чечиңиздер. 10 күндөн бери бизди алып кетишээрин айта элек. Биз ачык асманда жашайбыз, чатыр жок, целлофан астына баш калкалап жатабыз”, – дешет алар.
Алардын айтымында, буга чейин элчиликке кайрылып, өкмөткө кат жазган, бирок жооп ала алышкан эмес.
Эске салсак, буга чейин элчилик чек арага чыкпоо өтүнүчү менен кыргыз элине кайрылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ