Menu

Ысык-Ата районундагы 4 кишинин өлүмүнө алып келген өрт боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районундагы өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты. ​​

Маалыматка ылайык, бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча катталганы такталды.

Белгилүү болгондой, бул кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мешти күйгүзүп, ага бензин куюп салгысы келген. Бир бөтөлкө күйүүчү май колуна күйүп, өрт чыкты. Коңшу бөлмөдө ойноп жаткан балдар жана аял чыга албай калышкан.

Эске салсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өрттөн төрт адам каза болгон. 13-декабрда саат 14:30 чамасында Новопокровка айылынын түштүк тарабындагы сарайдан өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болду: 25 жаштагы кыз, төрт жаштагы кыз жана эки эркек бала – алты жана үч жашта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: