Өз үйүндө баңги каражатын даярдап жүргөн жаран кармалып, көрсөтмөсүндө шектүү баңги каражатын өзү колдонууга даярдап жүргөнүн айткан. КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун жашоочусу үйүндө баңги каражатын жасап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Бир катар иликтөөө иш-чарасын жүргүзгөндөн кийин КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жогорку кылмыш ишине катыштыгы бар деп 41 жаштагы жергиликтүү тургун экенин такташкан. Укук коргоо органдары шектелүүчүнүн үйүн текшерүү маалында баңгини даярдоого арналган курамдардын түрү менен 10 кг салмактагы марихуана баңгизаты бар мүшөктү табышты. Жогоруда алынган заттарды милиция кызматкерлери экспертиза жүргүзүү үчүн алышты. Милиция бөлүмүндө кармалган адам баңги каражатын өзү колдонуу максатында жасаганын жана баңгиге көз каранды экенин түшүндүргөн. 41 жаштагы кармалган адам мурда баңгини сактоо боюнча соттолгону белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш ишин козгоо боюнча суроолор чечилип жатат. Учурда тергөө амалдары башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ