Ашхабадда расмий сапары менен жүргөн Ооганстандын президенти Ашраф Гани Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Анда эки өлкөнүн катышуусунда ишке аша турган бир катар долбоорлор талкууланды.
Маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы — Түркмөнстан – Ооганстан – Пакистан – Индия газ куурунун жана Түркмөнстан – Ооганстан – Тажикстан темир жолунун курулушу болду.
Газ куурларын төшөө иштери 2015-жылы декабрда башталып, 2019-жылдын декабрында аяктоо пландалган. Темир жолдун алгачкы бөлүгү болсо 2016-жылы ноябрда пайдаланууга берилген.
Тараптар андан тышкары ооган тарапка кошумча кубаттуулуктарды орнотуу менен электр өткөрүү системаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ