Menu

Зеленский Путинди жикчилдерге «таасир этүүгө» чакырды

Бөлүшүү:

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путинге чалып, Донбасстагы жикчилдерге таасир этүүгө чакырды. Бул тууралуу Зеленский 7-августта украин армиясынын башчылары менен чукул жыйын өткөргөн соң билдирди.

Чукул жыйын Донбасстагы ок атышуудан төрт украин аскери ажал тапкандан кийин өткөн.

«Мен эртең менен Путин менен сүйлөштүм, мен ага бул (аскерлердин өлүмү – ред.) бизди бейкутчулукка жакындатпай турганын айттым», – деди Зеленский.

21-июлда Украинанын чыгышында кезектеги элдешүү жарыяланган. Бирок жаңжалдын катышуучулары бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Аймакта абал курчуганына байланыштуу Зеленский Түркияга болгон сапары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтты.

Кремль Путин менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү боюнча комментарий бере элек.

2014-жылы башталган Украинанын чыгышындагы жаңжал 13 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: