Menu

Президент “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу Макулдашууга кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган.

Протокол Макулдашуунун жана юридикалык техниканын айрым позицияларын тактоого, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна жана анын туруктуу түрдө иш алып барган жумушчу органдарына жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.

Аталган Протоколду ратификациялоо зарылдыгы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жашыруун маалыматты сактоону камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуусу менен түшүндүрүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: