Бул күнгө карата Сорос фонду “Кыргызстандагы мектеп гигиенасы” долбоорунун алкагында өлкө боюнча мектептердин ажатаканаларын текшерип чыгышкан. Абал өтө кейиштүү.
Сүрөттүн сол жагындагы ажаткана Нарын облусунун Орто-Нура айылындагы Бекжанов атындагы мектепке, ал эми сүрөттүн оң жагындагы ажаткана Ысык-Көл облусунун Жолколот айылынын Сооронбаев атындагы мектепке тиешелүү. Көп мектептердин ажатканаларын көрсөтүүдөн да уяласың. Кыргызстандагы мектептердин 85%ында абал ушундай, керек болсо, мындан да жаман.
Дегеле республикадагы ажаткалар жөнүндө айтып олтурсаң көп көйгөйлөр келип чыгат. Ал эми Кыргызстанга миллиондоп келген туристтер биринчи кезекте дал ушул ажатканалардын начар экенин айтып кейишет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ