Акыркы бир сутка ичинде лабораториялык изилдөөлөрдүн саны 1006 болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, лабораториялык изилдөөлөр уланып жатат.
Ал эми коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптар менен байланышта болгондордун саны 4371 адамды түздү. Алар үй карантининде болуп жатышат.
Ошондой эле республика боюнча учурда обсервацияда 1100 адам жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ