Menu

Акылбек Усупбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор: “Жыныс мүчөлөрүн алмаштырууну каалаган беш адамга операция жасадым”

Бөлүшүү:

Кыргыз медицинасындагы колу жеңил кашкөй инсан мезгил-мезгили менен биздин гезиттин суроолоруна эч буйдалбастан жооп узатып турат. Кызыгы, анын ар бир дарт тууралуу улухмандык улуу кеңеши менен айткан пикирлери ынанымдуу болуп, көпчүлуктун буйүрун кызытса, көп убакта бейтаптар үчүн табылгыс олжо болгонун гези токурмандары да баса белгилеп калышат. Маектешим бул сапар да кызыктуу кебин эл-журт менен бөлүштү.

– Акылбек мырза, дүйнөлүк алкакты мындай коёлу, Кыргызстанда жыныс мүчөсүн адмаштырышкан же табияттын жаратылышына каршы чыгышкан «мээси шектүү» жарандарыбыздын арбыганы сөз болууда. Өлкөбүздүн башкы урологу катары өзүңүзгө бул маселе боюнча кайрылгандар барбы?

-Жыныс мүчө боюнча эки түшүнүк бар. Муну сөз башында айтып коюш керек. Биринчиси, эркектин да, аялдын да жыныс мүчөлөрү бар болуп төрөлгөн адамдар (муну медицинада «гермафродит» деп коюшат). Экинчиси, төрөлгөндө кадимкидей эле эркек же кыз болуп, эч кандай оорусу жок жарык дүйнөгө келгендер (бул медицинада «транссексуал» деп аталат). Бирок, мындайлар төрөлгөндө психикалык жактан «башка жыныстамын» деп ойлойт. Мисалы, эркек болуп төрөлсө «аялмын», аял болсо «эркекмин» деп өзүнчө ойлонушат. Илгери мындайларды биздин эл «кызтеке» деп коюшчу. Соңку 20 жылда биздин өлкөбүздө да жынысын алмаштырууга ашыгышкан адамдар (транссексуалдар) пайда болду. Ал эми гермафродиттер жаратылышынан ара төрөлүп же кем-карчысы менен жарык дүйнөгө келгендер эсептелет. Гермафродиттерди операциялык ыкма менен түз жолго салса болот. Биздин урологиялык борборго мындай оорулуулар көп кайрылышкандыктан, операцияларды да көп жасадык. Анткени, өлкөбүздө гермафродит болуп төрөлгөндөр көп. Азыркы кезде да абдан көбөйүп бара жатат. Биз мындайларды операция жасоодон мурун генетикалык жагынан текшеребиз. Эгерде ал адамда эркектин да, аялдын да жыныс мүчөлөрү болгон болсо, алгач генетикасын текшерип, анда аялдын генетикасы көбүрөөк болсо аял эле кылып операция кылабыз. А эгерде эркектин генетикасы басымдуурак болсо, анда андан аял жагын алып салып, эркек эле кылуу тууралуу сунуш киргизип, андан соң бейтаптын макулдугун алгандан кийин гана жынысын өзгөртүүгө туура келет. Операция алдында бейтап каалаганын айтат. Бирок, баардыгын түшүндүрүп айтуу керек. Ал эми транссексуалдар түркүмүндөгүлөргө тээ 2000-жылдары Европа, Голландияда мындай операциялардын түрү көп колдонулуп, ал өлкөдөгүлөр буларды «психикалык оорулуулар эмес, ден соолугу чың» деп мыйзам чыгарышып, кадыресе адам катары эсептешкен.  Мындай шартта алардын мыйзамына ылайык ар бир адам жынысын өзгөртөбү же өзгөртпөйбү-жеке иши болгон. Ал эми биздин өлкөнүн Башмыйзамында да атайын ушуга байланыштуу берене бар. Анда «ар бир Кыргызстандын атуулу өзүнүн жыныс мүчөсүн алмаштырууга укугу бар» деп жазылган.

– Берене болбой куруп калсын, бирок, Башмыйзамдан да улук турган диндеги, шарияттагы эреже биздей момун мусулмандар үчүн мындай жосунсуз жорукка катуу чектөө коёрун да эсибизден чыгарбашыбыз керек го? Бул жагына кандай дейсиз?

– Албетте, диний жагынан алганда, бул өтө туура эмес! Менин жеке пикирим да ушундай. Анткени, Кудай Таалам биздей момун мусулман пендесин кандай кылып жаратса, табияттын жаратылышы боюнча ошол бойдон калыш керек. Ал эми дарыгер катары айтарым, жанагындай гермафродит болгондорду оң жолго салуу туура деп эсептейм. Анткени, бул жаратылыштын кем-карчысы менен төрөлгөндөрдүн дени-кардын толуктап, оңдоп койгонго неге болбосун? Муну менен андай катмардагы жарандарыбыздын кийинчерээк жашап кетишине туура көз караш, жакшы себепчи болобуз. Болбосо, мындай типтеги жарандарыбыз аял болбой же эркек болбой эки ортодо жүрө берип, алдыдагы турмушун туура жол менен улантканга мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ал эми башта айткандай, транссексуалдар тууралуу албетте, Башмыйзамда жазылган боюнча жыныс мүчөсүн алмапггыруу ар бир адамдын өзүнүн жеке иши. Мындай катмардагылар бизге көп кайрылышат. Бул жагын операциялык жол менен караганда, эркекти аял кылыш жеңилирээк, ал эми аялды эркек кылыш салыштырмалуу оор болот. Аялды эркек кылыш бир этап менен бүтө калбайт. Бул 2-3 этаптык жолду талап кылат. Бирок, операциянын мындай түрү азыркыдай базар экономикасынын шарданында каалоочу кардарга өкмөттүн эсебинен эмес (мамлскеттин камсыздандыруу фондуна кирбейт), коммерциялык жол менен жасалат. Өнүккөн чет мамлекеттерде бул операция кымбат баа наркында эсептелет.

– Мусулман өлкөлөрүндөчү? Ошол эле сиз жетектеген урология борборубузда операциянын мындай түрү учурда канча каражатгы талап кылат?

– Кээ бир мусулман өлкөлөрүндө жыныс мүчөсүн алмаштыруу операциялары абдан көп жасалат. Мейли, алар мусулманчылыкты жогору туткан мамлекет экенине карабай… Андан башка деле баардык өлкөлөрдө операциянын мындай ыкмасы кардарларга колдонулат. Биздин өлкөбүздө да жыныс мүчөлөрүн алмаштырууну каалаган кардарларга кээде операция жасап коюп жатабыз. Акыркы он жыл чинде мен беш адамга операциянын ушул түрүн ийгиликтүү жасадым. Анын баарын сенин кесиптенттериң ММКнын баардык тармагынан чагылдырышкан. Анан көрүп ал, коомчулуктун буга карата каршы пикирлерин. Өзгөчө динди бекем тутунушкан молдокелер мындай көрүнүшкө өтө кыжырдануу менен пикир билдирип турушту. Албетге, алар да мусулмандык парзын аткарып жатат деңизчи, а бирок, ошол эле маалда бул кардардын да жеке иши болууда. Анан калса, биздин жарандарыбыздын операциянын мындай түрүн колдонушун Башмыйзамыбыз да бекемдеп жатканын кайда катат элек? Жеке өзүм дарыгер катары эмес, момун мусулман пенде катары бул көрүнүштү туура эмес, чекилик иш катары баалайм. Айттым го, алардын укугу Башмыйзамыбызда жазылган соң дарыгер катары биз алардын өтүнүчүнө каршы боло албайт экенбиз.

– Мындай көрүнүштү камтыган соңку бир жылдагы статистиканы айтсаңыз? 12 ай ичинде канча операция жасадыңыз?

– Соңку бир жылда бул жагынан бир дагы операция жасаган жерибиз жок. Болгону эки жараныбыз жынысын алмаштырып берүү боюнча бизге кайрылышты. Мен аларга каалоосундагы операциялары өкмөттүн же биздин оорукананын эсебинен эмес, кеткен каражат бүтүндөй өздөрүнүн жеке эсебинен жасала турганын түшүндүрүп берсем, алар акчалары жок экенин айтып, алакан жайышты.

– Эгерде сиздер мындай катмардагы кардарлардын канча каражаты болсо каалоосун аткара алат элеңиздер?

– Конкреттүү деле так эсебибиз жок. Коммерциялык жол болгон соң операцияга керектелүүчү дары-дармек, бүтүндөй чыгымдарды эске алганда, бери жагы болжолдуу 5 миң АКШ долларын түзөт. Ал үчүн ар бир кардар (транссексуал) операцияга сарпталуучу официалдуу каражатты ооруканабыздын эсебине төлөшү зарыл. Ошондо гана операцияга жол ачылат. Эгерде алар бизге эмес, жеке менчик клиникаларга жасатууну каалашса, анда алардын өз эрктери. Кыргызстанда көбүнчө жыныс алмаштыруу, гермафродиттерди оңдоо жолдору боюнча биздин борбордун мүмкүнчүлүгү чоң. Мен баш болуп бул жагы-нан операцияларды жасайбыз. Ток этери, бул жагынан тажрыйбалуу кадрларыбыз жетиштүү. Коммерциялык жол менен жынысын алмаштырууну каалашса, эгер ошого каражаты жетишсе, биз андайларга, дарыгер катары каршы эмеспиз. Башмыйзамда каралган укуктарын сыйлайбыз.

– Сиз жетектеген улуттук урология борборунан башка жеке менчик клиникаларда операциянын бул түрү жасалабы?

– Азырынча өлкөбүздө биздин борбордон башка бир дагы жерде операциянын бул түрү жасалбайт.

-Учурда өлкөбүздө «гейлер» (кумсалар) көбөйүп бараткан чак. Сиздин жогорудагыдай пикириңиз биздин гезит аркылуу коомчулукка жарыя болсо, араң турган кызтекелер эптеп болсо да каражат таап келишсе, операцияны эч токтоосуз жасай берет экеңсиздер да ээ?

– Сөзсүз түрдө жасап беребиз. Биз дарыгерлер мамлекеттик кызматта солдат катары иштеп жаткан соң мыйзамдагы эрежелерди сактап, аткарууга тийишпиз.

– Макул, операция жасалды дейли. Ошондой операция аркылуу жасалган жыныс органдарынын кубаттуулугу кандай болот анан? Алмашылган органдар «ишке жарайбы»? Баса, жыныс органдарды сиздер эмнеден жасайсыздар? Ушунча каражатка жасалып жаткан соң базардагы товар сыяктуу образдуу салыштырганда кепилдиги канча жылга өлчөнөт? Жыныс мүчөсүн алмаштырууну каалаган кардар операциядан соң “банкрот” болуп калбайбы?

– Баса белгилөөчү жагдай, жынысын алмаштырган соң мейли аял, мейли эркек болсун, экөө тең балалуу боло алышпайт. Жыныс сезими нормалдуу болушуна кепилдик жок. Бул оор операцияны жасоодо 100% идеалдуу болоруна дарыгер кепилдик бере албайт. Ар кимдин, ар бир бейтаптын организми ар башкача да. Ошондуктан, «бул жагынан операция татаал болбойт» деп эч ким кепилдик бербейт. Жыныс мүчөлөр кардардын өзүнүн органдарынан жасалат, ал эми эркектин мүчөсүнө кошумча протез коюлат.

Маектешкен: Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: