Menu

Сүзүп алып качып кетти

Бөлүшүү:

Бишкекте 2 баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу Казакстандын аймагында да изделүүдө. Бул тууралуу 26-сентябрда Бишкек шаарынын патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди. “Кылмышка шектүү катары издөөгө алынган 1981-жылы туулган Рустам Жалилов 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен деген маалымат бар, бирок ал так эмес. Учурда ал тууралуу тиешелүү маалыматтар Казакстандагы кесиптештерге да жөнөтүлгөн. Издөө иштери борбор калаада да улантылууда”, – деди Бугубаев. Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 18:40 чамасында Бишкектин түштүк- батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда айдоочу 2 баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп качып кеткен. Арадан көп өтпөй, аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Бирок эл чогулуп баштаганда ал жерден да из жашырып кеткенге үлгүргөн.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: