2017-жылдын 26-27-ноябрында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКм маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Унаа жолдор тайгак жана тоңгок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
27-28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектериндетүнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ