Menu

Дүйшөмбү менен Ташкент электр энергиясы боюнча кызматташууга даяр

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги электр энергиясын экспорттоо жана импортто маселесин Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен тартипке келтирүүгө даяр. Бул тууралуу Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода билдирди.

– Тилекке каршы, Өзбекстан менен чектеш райондордо электр өткөрүү линиялары иштен чыкты, буга байланыштуу айрым тилкелерде жана көмөк чордондордо ремонт иштерин жүргүзүү зарыл, – деди ал.

Министрдин айтымында, “Барки Точик” холдингинин адистери “Регар” көмөк чордонун текшерип, кемчиликтерди жоюу иштерин жүргүзүштү. Өзбек энергетиктери жакын арада Сурхандарья аймагындагы он жыл мурун бузулган электр өткөрүү линияларын оңдоого убада берди. Дүйшөмбү менен Ташкент Өзбекстан менен чектеш Хатлон жана Согди облусундагы электр линияларын калыбына келтирүүгө макулдашты.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан жай мезгилинде коңшу өлкөлөргө 5 млрд. кВт электр кубатын экспорттоого кудуреттүү.

Жыл башында Азия өнүктүрүү банкы Борбор Азия өлкөлөрүнө аймакта бирдиктүү энергосистеманы калыбына келтирүү боюнча диалог өткөрүүнү сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: